Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутат Кенжебек Бокоев: «Жарандарды соттуулугу боюнча маалымкат алуудан бошотууга багытталган мыйзам долбооруна Өкмөт каршы корутунду берген»

10-02-2017
13:49

Ички иштер министрлиги да, Юстиция министрлиги да Улуттук коопсуздук комитети да жумушка орношуп жаткан жарандарды соттуулугу боюнча маалымкат алуудан бошотууга багытталган «КР Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбооруна карата каршы пикирлерин билдиришти. Бул тууралуу депутат Кенжебек Бокоев Жогорку Кеӊештин Пресс-борборунда журналисттер менен жолугушканда билдирди.

Депутаттын айтымында, жогоруда аталган мыйзам долбооруна өзү дагы каршы пикирин билдирген. «Мыйзам долбооруна карата Өкмөт дагы, ага караштуу мамлекеттик органдар да терс корутундуларын берген. Анда иштебей турган бир катар жоболор бар. Ал биринчи окууда каралып жатканда, демилгечилер мыйзам долбоорундагы карама-каршылыктарды жоюуга убада беришкен, бирок андай болбой чыкты», - дейт Кенжебек Бокоев.

Депутат сунушталган мыйзам кабыл алынып калса, тескерисинче жумушка орношуп жаткан жарандар кыйла кыйынчылыктарга кабылышы мүмкүн экенин белгиледи. «Мисалы, бир адам күзөт агенттигине орношуп жатат дейли. Сунушталган мыйзам долбооруна ылайык, керек болгон учурда, анын соттолгону же соттолбогону жөнүндө маалымкатты жумуш берүүчү тарап алышы керек. Ал антип убара болуп жүрбөй эле, жумушка өзү маалымкат алып келген кишини орноштуруп коюшу мүмкүн да, туурабы?», - деп кошумчалады ал.

КР ЖК Басма сөз кызматы