Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

"Жай олтуруп баарлашуу": "Жарандардын соттуулугун ачыктаган маалымкатты алуу жеӊилдетилет"

10-02-2017
13:30

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы уюштурган "Жай олтуруп баарлашуу" долбоорунда “Соттуулук жөнүндө маалымат маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору талкууга алынды.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Дастан Бекешев жарандардын соттолгонун же соттолбогонун далилдеген маалыматты алууда кыйынчылыктар арбын экенин белгилеп, аталган мыйзам долбоору административдик жол-жоболорду кыскартуу жана айрым документтерди алуу шарттарын жөнөкөйлөтүү максатында иштелип чыкканын кошумчалады. Ошондой эле, электрондук маалымат базасын түзүү менен, иш берүүчүгө тигил же бул ишке атаандаштык кылган адамдын айрым маалыматтарын (соттолгон адамдын аты-жөнүн, туулган жылын, жоопкерчиликке тартылган беренесин) өз алдынча текшерүүгө мүмкүндүк берерин билдирди.

Ал эми депутат Кенжебек Бокоев аталган мыйзам долбоору актуалдуу болгону менен, тактоого муктаж болгон жагдайлары да арбын экендигин айтса, иш-чаранын дагы бир катышуучу депутат Курманкул Зулушев жаӊы киргизилип жаткан мыйзам долбоору жергиликтүү кеӊештердин депутаттарын шайлоо сыяктуу бир катар мыйзамдарга каршы келерине токтолду.

Эске салсак, кезектеги "Жай олтуруп баарлашуу" долбооруна Жогорку Кеӊештин депутаттары Дастан Бекешев, Курманкул Зулушев, Кенжебек Бокоев, ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов катышты.

КР ЖК Басма сөз кызматы