Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутат Курманкул Зулушев: «Мыйзамдардын санын эмес, сапатын көтөрүү керек»

10-02-2017
15:11

Бул тууралуу депутат Курманкул Зулушев Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы тарабынан уюштурулган "Жай олтуруп баарлашуу" долбоорунун жүрүшүндө билдирди.

Ички иштер министрлигинин ишмердүүлүгүнө токтолгон депутат ачылган кылмыштын үстүнө бир канча кылмыштарды илип койгон жагдайлар арбын экенин белгилеп: "Ошондон улам, ИИМдин салыштырмалуу жылдык отчетунун жыйынтыгы чындыкка туура келбейт", - деген жыйынтыкка келгенин айтты.

Ал эми депутат Кенжебек Бокоев акыркы күндөрү жеке менчик коомдук жайларда коюлган видеокамералардын жардамы менен эле көптөгөн кылмыштардын бети ачылып жатканын мисал келтирип, тез арада "Коопсуз шаар" долбоорун ишке киргизүү зарылчылыгын баса белгиледи. Ал өз алдынча бирдиктүү тергөө органын түзүү керектигин кошумчалады.

КР ЖК Басма сөз кызматы