Бул тууралуу башкы СДПКчы фракциянын 10-февралдагы жыйынында билдирди. Жыйында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун ишмердиги, улутташтырылган объектилердин абалы боюнча маселе каралды.
И. Өмүркуловдун айтымында, улутташтырылган обьекттер боюнча маселени тереңден кароо керек. «Мен түшүнбөйм, экономика министрлиги каякта, эмнеге ал бардык ишканалар, алардын келечектери, натыйжалуулуктары боюнча анализ бербейт?, - деп суроо салды фракция лидери.
Анын белгилөөсүндө, шаар куруучу, бюджет түзүүчү мамлекеттик ишканалар бар, алардын абалы кантип атканы белгисиз. «Кимдир бирөө Кадамжайга же Айдаркенге барып келдиби? Ооба, бүгүн сымаптын кереги жок, бирок сурьмага суроо-талап бар. Анда эмнеге маселени иликтеп, карабайбыз, эмнеге ишканаларга анализ бербейбиз»?, - деди эл өкүлү.
И. Өмүркулов айрым депутаттардын пансионаттарды тигил же бул ведомстволорго берүү керек дегендери менен макул эместигин билдирди. Анын айтымында, бул үчүн штат, чегерүүлөр, коммуналдык төлөмдөр керек болот, аягында келип мамлекетке үч эселик зыян алып келет. Андан көрө кызматкерлерге жеңилдетилген эс алууларды берип, пансионаттарды сатып ийген оң, мындан мамлекеттин «баш оорусу» болбойт.
«Бүгүн баары эле «мамлекет начар менеджер» деп айтып көнүп алышты. Чынында мамлекеттик ишкаларды канча адам башкарып атат: де-факто министрлик-ведомстволор, де-юре Мамлекеттик мүлк фондусу жана директорлор кеңеши. Образдуу айтканда, чабандар көп, койлор арык, балким, өлүп деле калышты», - деди башкы СДПКчы.
СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы