Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Тармактык комитетте дыйкандарга жеӊилдетилген насыяларды берүү маселеси талкууланууда

13-02-2017
11:23

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде 2016-жылы “Айыл чарбаны каржылоо-4» долбоорунун ишке ашыруунун натыйжасы жөнүндө жана 2017-жылга  “Айыл чарбаны каржылоо-5» долбоору тууралуу маалымат угулуп жатат. Жыйынга мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, Улуттук банк менен мамлекеттик банктардын өкүлдөрү катышууда.

Жыйын жүрүшүндө депутат Кубанычбек Нурматов бир катар коммерциялык банктар айыл чарба багытында 21 пайыздуу үстөгү менен насыя каражаттарын берип, дыйкандардын эсебинен байып жатканын баса белгиледи. «Коммерциялык банктар бюджеттен 10 пайыздуу акча алып, аны эки эседен ашуун үстөгү менен берүүдө. Дыйкандарды жеӊилдетилген насыя менен ортомчусуз эле Өнүктүрүү фонду аркылуу каржылоого мезгил жетти. Мындай жосунду токтотуу керек», - дейт ал.

Каржы министри Адылбек Касымалиев “Айыл чарбаны каржылоо-4» долбоорунун алкагында дыйкандар 10 пайыздуу жеилдетилген насыя алып жатканын айтты. «Балким алар 21 пайыздуу насыяларды ал программадан тышкары алып жатышса керек. Ал эми биздики 10 пайыздан ашпоого тийиш», - деп тактады ал.

КР ЖК Басма сөз кызматы