Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Дыйкандарга жеӊилдетилген насыялар 10 пайыздуу үстөгү менен 36 айлык мөөнөткө берилүүдө

13-02-2017
11:44

Айыл чарба министрлиги Ирандын 1000 тонна этке тапшырыгын аткара албайт. Бул тууралуу министр Нурбек Мурашев Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде 2016-жылы “Айыл чарбаны каржылоо-4» долбоорунун ишке ашыруунун натыйжасы жөнүндө жана 2017-жылга “Айыл чарбаны каржылоо-5» долбоору тууралуу маалымат угулуп жатканда билдирди.

Министрдин айтымында, мынчалык көлөмдөгү этти даярдоого кыргыз тараптын мүмкүнчүлүгү жок. «2016-жылы Кыргызстан 13 млрд сомдук айыл чарба өнүмдөрүн экспорттогон, ал 2015-жылга караганда 3 млрд сомго көптүк кылат. Азыр бизде айыл чарба өнүмдөрүнүн тартыштыгы жок», - деди ал.

Ал эми каржы министри Адылбек Касымалиев быйыл “Айыл чарбаны каржылоо-5» программасы ишке киргизиле турганын белгиледи. 2010-жылдан тарта ишкердиктин 53 субъектиси 17 млрд сомго каржыланды. Өткөн жылы “Айыл чарбаны каржылоо-4» долбоорунун алкагында айыл чарба өнүмдөрүн өндүрүүчү 13 субъект 4,8 млрд сомго каржыланды.

Белгилей кетсек, жеӊилдетилген насыялар 10 пайыздуу үстөгү менен 36 айлык мөөнөткө берилүүдө.

КР ЖК Басма сөз кызматы