Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Кыргызстан өткөн чейрек кылым аралыгында 50 пайыз асыл тукум малынан ажыраган

13-02-2017
12:03

Кыргызстанда малдын башы арбыды, бирок мал тукумунун асылдуулугу начарлап, эт жана сүт өндүрүмдүүлүгү улам төмөндөп барат. Бул тууралуу экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде 2016-жылы “Айыл чарбаны каржылоо-4» долбоорунун ишке ашыруунун натыйжасы жөнүндө жана 2017-жылга “Айыл чарбаны каржылоо-5» долбоору тууралуу маалымат угулуп жатканда билдирди

Анын пикиринде, дыйкандар менен фермерлерге бюджеттик жеӊилдетилген насыя каражатын берүүдө, өсүмдүктөр менен жержемиштердин сорттуулугуна жана мал тукумунун асылдуулугуна айрыкча көӊүл буруу зарыл, ансыз каражат текке кетет. «Коӊшу өлкөлөрдөгү уйлар жылына 8 миӊ литрге чейин сүт берсе, бизде 2-3 миӊ литрдин гана тегерегинде. Малдын эттүүлүгү деле алымсындырбайт», - дейт ал.

КР ЖК Басма сөз кызматы