Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Көл жээгиндеги парктык-пляждык зонаны тосууда ижара акысы эки эсе төлөнүшү мыйзамдаштырылат

13-02-2017
13:24

Бүгүн, 13-февралда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында "Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүү жөнүндөгү" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору 3-окууда каралды.

Долбоор аркылуу «Ысык-Көл» экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүү жөнүндө» мыйзамда колдонулган негизги түшүнүктөрдүн ичинде парктык-пляждык зона – Ысык-Көлдүн суусу бүткөн жерден 100 метрге чейинки эндүүлүктө көлдүн дал жээгине жанашкан кууш жер тилкеси экени такталып киргизилүүдө.

Ошону менен катар долбоор аркылуу парктык-пляждык зонанын жер тилкесин пайдалануунун ижара акысын аныктоонун тартиби жана аны төлөөнүн шарты келишимдин негизинде белгиленери каралган. Эгерде парктык-пляждык зона тосулуп алынса, мындай учурда ижара акысы эки эсе өлчөмүндө белгиленери долбоордо көрсөтүлгөн.

Мыйзам долбоору 3-окууда жактыруу менен Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү чечими кабыл алынды.

Белгилей кетсек, аталган мыйзам долбоорунун демилгечилери - Жогорку Кеңеш депутаттары Сайдулла Нышанов, Алтынбек Жунус уулу, Алмазбек Баатырбеков, Искендер Кадыркулов, Акылбек Жапаров, Азамат Арапбаев, Нурбек Алимбеков, Алмасбек Акматов, Дастан Жумабеков, Узарбек Жылкыбаев, Алтынай Өмүрбекова, Сайдолимжон Джураев, Нурмахаммат Баяхунов, Искендер Матраимов, Азиз Турсунбаев, Таалайбек Масабиров, Салайдин Айдаров, Калдарбек Баймуратов, Таабалды Тиллаев, Игорь Чудинов, Элвира Сурабалдиева, Максатбек Эгембердиев, Бакыт Сыдыков, Данияр Аттокуров, Мирлан Бакиров жана Нурланбек Макеев.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы