Олуттуу милдеттерди жүзөгө ашыруу кызматкерлердин кесиптик даярдыгына жана адам ресурстарын туура пайдаланууга жараша болору анык

17-02-2017 15:52

Жогорку Кеӊеш азыркы учурда парламенттик демократия шартын ишке ашырып жаткандыктан, кыргыз парламенти өлкөнүн өнүгүү багыттарын аныктап, анын мыйзамдык базасын түзө турган органга айланды. Албетте, мындай олуттуу милдеттерди жүзөгө ашыруу кызматкерлердин кесиптик даярдыгына жана адам ресурстарын туура пайдаланууга жараша болору анык. Бул тууралуу «Жогорку Кеӊештин Аппараты – мамлекеттик кызмат элитасы» өнүгүү долбоорунун жетекчиси Элеонора Исакова Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2021-жылга чейин Өнүгүү стратегиясын ишке ашыруу маселелерине арналган конференцияда өнүгүү долбоорлору менен таанышуу жүрүшүндө билдирди.

Анын пикиринде, адам ресурстарын башкаруунун заманбап усулдары менен жаӊы технологияларын киргизүү Жогорку Кеӊештин Аппаратынын кызматкерлеринин дараментин арттырып, алардын кесипкөйлүк даярдыктарынын жогорулашына өбөлгө түзөт. “Биз бул долбоордун алкагында мамлекеттик кызматтын мыйзамдык базасын өркүндөтүү, аппарат жетекчилигинин кадрдык саясатты аныктоодогу ролун жогорулатуу, кызматкерлердин саясий эркке жана саясий чечимдерди кабылуусуна жараша алардын катмарларын туура жиктештирүү жаатында чараларды иштеп чыгуу аракетин көрөбүз”, - дейт Элеонора Исакова.

Андан тышкары, “Жогорку Кенештин жаӊы инфратүзүмү” долбоору Жогорку Кеӊештин имаратында иштөө шартын жактыртуу чаралары камтылганы белгилүү болду. Долбоордун жетекчиси Базарбек Мусабековдун айтымында, Жогорку Кеӊештин имараты стратегиялык объектилердин катарына киргенине карабастан, 1984-жылдан бери иштеп, жедеп эскилиги жеткен жабдуулар арбын, аларды алмаштырып, парламенттин ишин үзгүлтүккө учуратпоо чараларын көрүү зарыл.

Эске салсак, Жогорку Кеӊештин 2021-жылга чейин Өнүгүү стратегиясын ишке ашыруунун усулдары менен жолдорун талкуулоого арналган конференция өтүп жатат. Иш-чарага депутаттар, мамлекеттик органдар менен мекемелердин, дипломатиялык өкүлчүлүктөр менен эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, эксперттер менен адистер катышууда.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2021-жылга чейин Өнүгүү стратегиясын ишке ашыруу маселелерине арналган конференция катышуучуларын өнүгүү долбоорлору жөнүндө маалымдар кылуу жол-жоболору улантылууда.

КР ЖК Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 231

Окшош жаңылыктар