«Ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгуу, парламенттик көзөмөл жана мониторинг жүргүзүү усулдары» өнүгүү долбоору тааныштырылды

17-02-2017 17:15

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2021-жылга чейин өнүгүү стратегиясын ишке ашыруунун усулдары менен жолдорун талкуулоого арналган конференциянын алкагында «Ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгуу, парламенттик көзөмөл жана мониторинг жүргүзүү усулдары» өнүгүү долбоорун ишке ашыруу пландары тааныштырылды.

Жумушчу топтун маалыматына караганда, парламенттик көзөмөл жөнүндө жобо иштеп чыгуу жана аны бекитип, Жогорку Кеӊештин көзөмөл ишин жөнгө сала турган ченемдик-укуктук актыларды укуктук жактан талдоо жүргүзүү зарылдыгы бар. ошондой эле. Бул долбоордун алкагында кызматкерлер мониторинг жүргүзүү усулдарын өздөштүрүүгө окутулмакчы.

Андан сырткары, парламенттик мониториг жана көзөмөл жүргүзүү тутумун түзүү, улуттук жана эл аралык укуктук тутумдарды жакындаштыруу жаатында сунуштар берилди. Мындай демилгенин алкагында эл аралык уюмдар менен моделдик мыйзам актыларын, улуттук мыйзамдарга карата сунуштамаларды алуу, моделдик мыйзамдар менен сунуштамалардын базасын түзүү жаатында сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатканы белгилүү болду.

Эске салсак, Жогорку Кеӊештин 2021-жылга чейин Өнүгүү стратегиясын ишке ашыруунун усулдары менен жолдорун талкуулоого арналган конференция өтүп жатат. Иш-чарага Жогорку Кеӊештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков баштаган депутаттар, мамлекеттик органдар менен мекемелердин, дипломатиялык өкүлчүлүктөр менен эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, эксперттер менен адистер катышууда.

КР ЖК Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 93

Окшош жаңылыктар