Базарбай Мусабеков: “Жогорку Кеңеште иштөөгө жагымдуу шарт түзүү, имараттын алгачкы түзүлгөн архитектуралык келбетин сактоо зарыл”

17-02-2017 17:48

Бүгүн, 17-февралда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2021-жылга чейин өнүгүү стратегиясын ишке ашыруу маселелерине арналган конференция катышуучулары өнүктүрүү долбоорлорун талкуулашты.

Жогорку Кеӊешинин 2021-жылга чейин Өнүгүү стратегиясын ишке ашыруу алкагында түзүлгөн дагы бир жумушчу топтун жетекчиси Базарбай Мусабеков “Жогорку Кеңештин жаңы инфраструктурасы” долбоору менен тааныштырды.

Базарбай Мусабеков Жогорку Кеңеш турган имаратта КР Президенти, анын Аппараты, КР Жогорку Кеңеши жана анын Аппараты менен Иш башкармалыгы турган стратегиялык объект болуп саналаарына, имаратта жогорку мамлекеттик деңгээлдеги расмий жолугушуулар, өткөрүлөрүнө токтолуп, андагы айрым көйгөйлөрдү тизмектеди. Анын айтымында, мындай иш-чараларды өткөрүү маалында электр кубаты менен камсыздоо үзгүлтүккө учурашы мүмкүн. Андыктан, ар кандай кырдаалдарга даяр болуу үчүн имаратка электр кубатын үзгүлтүксүз берип туруу максатында резервдик дизель генераторун коюу зарылдыгы бар.

Мындан сырткары, жумушчу топтун жетекчиси Базарбай Мусабеков имарат 1984-жылы колдонууга берилгендигин белгилеп, бүгүнкү күндө аба алмаштыруу вентиляциялык системасы толук кубаттуулукта иштебестигин маалымдады. Анткени, ошол убакта курулган бул системанын айрым деталдары бүгүнкү күндө өндүрүлбөйт. Андам улам, тиешелүү жабдыктарды алмаштыруу мүмкүнчүлүгү жок. Ошого жараша, иш жүзүндө имараттын ичинде жагымсыз микроклимат түзүлгөндүгүн байкоого болот. Базарбай Мусабеков имаратты долборлогон авторлор менен адистер аба алмаштыруу вентиляциялык системасынын техникалык абалын  изилдеп чыгып, системаны бөлүп-бөлүп ремонттоо менен күтүлгөн натыйжага жетүүгө болбостугу боюнча бүтүм чыгарышкандыгын маалымдады. Ошентип, адистер аба алмаштыруу вентиляциялык системасын толугу менен алмаштыруу зарыл деген корутундуга келишкен.

Ошону менен катар жумушчу топтун Базарбай Мусабеков жыйын өткөрүүчү залдарда, кызматтык кабинеттерде 333 автономдуу кондиционерлер орнотулгандыгын, алар энергосистемага кошумча оорчулук келтирерин, ал эми кондиционерлердин агрегаттары имараттын сырткы архитектуралык келбетин бузуп жатканын билдирди.

“Жогорку Кеңештин жаңы инфраструктурасы” долбоорунун максаты инженердик инфраструктураны жакшыртуу, иштөөгө жагымдуу шарт түзүү, имараттын алгачкы түзүлгөн архитектуралык келбетин сактоо болуп саналат. Тизмектелген көйгөйлөрдү чечүү менен аталган жумушчу топ иш алпарууда.

Эске салсак, Жогорку Кеӊештин 2021-жылга чейин Өнүгүү стратегиясын ишке ашыруунун усулдары менен жолдорун талкуулоого арналган конференция өтүп жатат. Иш-чарага депутаттар, мамлекеттик органдар менен мекемелердин, дипломатиялык өкүлчүлүктөр менен эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, эксперттер менен адистер катышууда.

КР ЖК Басма сөз кызматы

 

Көрүүлөрдүн саны : 130

Окшош жаңылыктар