Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков: "Энергетика жаатында кызматташуу эки өлкө үчүн теӊ ыӊгайлуу"

15-03-2017 14:35

Бүгүн, 15-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков баштаган парламенттик расмий делегация Пакистан Ислам Республикасынын Соода-өндүрүш палатасынын мүчөлөрү жана бир катар жергиликтүү ишкерчилик чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушууда мындан аркы кызматташууну өнүктүрүү жолдору талкууланып, тараптар Кыргызстандагы инвестициялык шарттар тууралуу да пикир алышты.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Кыргызстандын салык системасы жана мыйзамдык базасы чет элдик инвесторлор үчүн өтө ылайыктуу экенин белгилеп: "Жогорку Кеӊеш да ишкерчилик кылууну көздөгөн ар бир инвесторду колдоого даяр",- деди.

Ал эми Пакистан Соода-өндүрүш палатасынын өкүлдөрү медицина, фармацевтика, кен иштетүү, IT технология, айыл-чарба, анын ичинен эт өндүрүү багытында кызматташууга кызыкдар экендиктерин билдирип, аталган тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга болорун кошумчалашты.

Ошондой эле иш сапардын алкагында жергиликтүү "ENERGO POWERGEN LTD ЭНЕРГОХОЛДИНГ" компаниясынын өкүлдөрү менен да жолугушуу уюштурулуп, тараптар энергетика жаатында кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Компания өкүлдөрү Пакистандагы ишке ашырылган ири энергетикалык долбоорлор тууралуу маалымат берип, өздөрүнүн инвестициялык потенциалынан учкай кеп кылышты. Ал эми Жогорку Кеңеш Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Кыргызстандагы суу энергиясын өндүрүү багытындагы мүмкүнчүлүктөр жөнүндө маалымат берип, аталган тармакта кызматташуу эки өлкө үчүн теӊ ылайыктуу болорун белгиледи. 

Эске салсак, Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков башында турган парламенттик делегация Пакистанда расмий иш сапар менен жүрөт. Делегациянын курамында Жогорку Кеңештин депутаттары Абдумажит Юсуров, Мухтарбек Айнакулов, Абдимуктар Маматов, Кубанычбек Нурматов, Дүйшөн Төрөкулов, Эмил Токтошев бар.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 453

Окшош жаңылыктар