КР ЖК депутаты: "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында 1 миӊден ашык бош кызматтык орун бар"

17-03-2017 15:04

Депутат эгер айыл өкмөт башчысы түз шайланса, “мени дагы эл шайлаган” деп, эч кимге баш ийбей, өз билгенин жасап калат. Алардын иштин көзүн жөндөп билбеген адистик жактан өтө төмөн деӊгээли ага кошул-ташыл болууда. Текшерүү жыйынтыгы көрсөткөндөй, кылмыш иштеринин көбү дал мына ушул айыл өкмөт башчыларына козголуптур. Бул тууралуу депутат Мирлан Бакиров Жогорку Кеӊештин Пресс-борборунда журналисттер үчүн өткөрүлгөн “Жай отуруп баарлашуу” долбоорунун жүрүшүндө билдирди.

“Ушу тапта Кыргызстанда 453 айыл аймагы болсо, анын 83 пайызы дотацияда отурат. Кадрдык саясатты өзгөртүп, ар айыл өкмөтүнүн алдында кадрлар резервин түзүү менен, айыл өкмөттөрүндө иштеген кызматкерлердин адистик даярдыгын, билим деӊгээлин көтөрүү зарыл. Албеттек, мыйзам базасын да өркүндөтүлүшү керек. Ошондо жергиликтүү бюджетти толтуруу иши жакшырып, дотацияда отурган айыл аймактарынын саны кыйла азаят. “Көч бара-бара түзөлөт” дейт, буюса, өлкөнүн, анын ичинде айыл аймактарынын өнүгүү жолуна түшөрүнө ишеним бар”, - дейт Мирлан Бакиров.

Ал эми мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Кенжебек Бокоев элет жергесине, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына билимдүү жаш кадрлардын келбей жатканы кейиштүү экенин белгиледи. “Кадр кызматынын маалыматына караганда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында 1 миӊден ашык кызматтык вакансия бар экен. Айыл өкмөтүндө иштеген кызматкерлер 5-6 миӊ сом маяна алат. Анан кантип кадрлар токтойт. Мен өзүм дагы кезинде айыл өкмөтүн жетектегендиктен, алардын акыбалын жакшы түшүнөм. Баарыдан мурда, жаш кадрларга шарт түзүү керек”, - дейт ал.

Белгилей кетек, Кенжебек Бокоев жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын түз шайлоо демилгесин көтөргөн. Ал үчүн “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө”, “Ош шаарынын статусу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” сындуу бир катар мыйзамдарга түзөтүүлөрдү киргизүү зарыл.

КР ЖК Басма сөз кызматы






Окшош жаңылыктар