Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Өкмөт Баткен окуясынын катышуучуларынын кызыкчылыктарына байланыштуу мыйзам долбооруна карата каршы пикирин билдирген

10-04-2017
11:20

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде элдик демилге тартибинде демилгеленип, Баткен окуясынын катышуучуларынын социалдык укуктарын коргоо чараларын жакшыртуу максатында иштелип чыккан “Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктун эмгекчилери жөнүндө” КР мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралды.

«Баткен согушунун республикалык жоокерлеринин кеңеши» коомдук бирикмесинин төрагасы Сатыбек Молдалиевдин айтымында, Баткен окуяларынын катышуучулары 1999-2000-жылдары мамлекеттик маанидеги тапшырмаларды аткарып, өлкө аймагына кирип келген терррордук топко каршы куралдуу күрөш жүргүзгөн. «Ошондон улам, алардын жесирлерине, балдарына, ата-энелерине төлөнүүчү социалдык төлөмдөрдүн өлчөмүн көбөйтүү сунушу киргизилүүдө», - дейт ал.

Ал эми каржы министри Адылбек Касымалиев Өкмөт бул мыйзам долбооруна 2015-жылдын 1-октябрындан терс корутунду бергенин эске салып, анын башкы себеби бюджетте кошумча каржы булактары жок экенин белгиледи. Ал үчүн 39 млн сом каражат талап кылынат. Ошодой эле, Баткен окуясынын катышуучуларына согуштун катышуучусу статусу берилбегени белгилүү болду.

Тармактык комитеттин төрагасы Таабалды Тиллаев өз алдынча мыйзам аркылуу Баткен окуясынын макамын аныктоо, анда курман болгондорду эскерүү күнүн белгилөө зарылдыгын айтты.

Андан тышкары, комитет Каржы министрлигине Баткен окуясында жараат алган жарандарга, курман болгон жоокерлердин жесирлерине, балдарына, ата-энелерине төлөнүүчү социалдык төлөмдөрдүн өлчөмүн 1 миӊ сомдон 7 миӊ сомго чейин көбөйтүү жаатында эсеп-кысаптарды жүргүзүү жөнүндө тапшырма берди.

Эсе салсак, элдик демилге катары сунушталып жаткан “Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктун эмгекчилери жөнүндө” КР мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбооруна карата жарандардын 63 миӊ колу топтолуп, парламенттин кароосуна 12 жарандын колу менен киргизилген.

КР ЖК Басма сөз кызматы