“Өнүгүү-Прогресс” фракциясы Токтогул ГЭСин жана суу сактагыч куруудан келтирилген зыяндарды компенсациялоонун өлчөмүн көбөйтүүнү колдоого алды

24-06-2016 11:06

Бүгүн, 24-июнда “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын жыйынында «Жалал-Абад областындагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагыч курууда келтирилген зыяндарды компенсациялоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралды.

Маалыматка ылайык, суу сактагыч куруунун натыйжасында 22 калктуу конуш жана 33 миң га жер суу алдында калып, 23 миң га сугат, токой жана короо-жай жерлери айыл чарбалык керектөөдөн чыккан.

1998-жылдын 12-сентябрындагы № 122 «Жалал-Абад областындагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычын курууда келтирилген зыяндарды компенсациялоо жөнүндө» мыйзам Токтогул ГЭСин жана суу сактагыч курууда келтирилген зыяндарды компенсациялоонун укуктук негиздерин бекитет. 2002-жылга чейин компенсациянын суммасы 16,8 млн. сомду түзгөн.

Мыйзам долбоорунун маалымат-негиздемесинде 2003-жылдан тартып курулуш материалдарынын баасы өскөндүгү, жыл сайын капиталдык салымдарга болгон баанын индекси жогорулагандыгы белгиленген. Ошондой эле азыркы убакта инфляцияга, доллардын курсунун өсүшүнө байланыштуу жашоого зарыл курулмаларды жүзөгө ашыруу үчүн 43,0 млн. сом суммасындагы каражат жетишсиздиги көрсөтүлгөн. Буга байланыштуу, Жалал-Абад областындагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагыч куруудан келтирилген зыяндарды компенсациялоонун өлчөмүн 43,0 млн. сомдон 70,0 млн. сомго чейин көбөйтүү сунушталган.

Фракция депутаттары мыйзам долбоорун колдоого алышты.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

 

Көрүүлөрдүн саны : 753

Окшош жаңылыктар