“Өнүгүү-Прогресс” фракциясы Кыргызстан менен Кувейттин ортосундагы түз аба каттамын ишке ашырууга багытталган ратификациялык мыйзам долбоорун жактырды

24-06-2016 11:11

Бүгүн, 24-июнда “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын жыйынында «Эль-Кувейт шаарында 2015-жылдын 13-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кувейт Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Аба катнашы жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору каралып, жактырылды.

Макулдашуунун максаты Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кувейт Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы эки тараптуу саясий, экономикалык жана маданий кызматташтыкты өнүктүрүү эсептелет, бул эки өлкөнүн ортосунда түз аба каттамын ишке ашырууга мүмкүндүк берет. 

Туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиясына ылайык, Макулдашууга кол коюу чечиминин негизи катары борбордук транспорттук түйүндү түзүү долбоорунун алкагында учуулардын географиясын кеңейтүү боюнча кызыкчылыктар коюлган.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 918

Окшош жаңылыктар