Вице-премьер-министр Жеӊиш Разаков: «Өткөн жылы инфляция көлөмү 109,4 пайыз болуп, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында Кыргызстан алдыӊкы орунду ээледи»

18-04-2017 12:54

Алдынала бекитилген графикке ылайык, Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жана Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин биргелешкен жыйынында Өкмөттүн 2016-жылдагы аткарган иштери боюнча Премьер-министрдин отчету угулду. Жыйынга вице-премьер-министр Жеӊиш Разаков баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышты.

Вице-премьер-министр Жеӊиш Разаковдун айтымында, 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча Өкмөттүн программасы 78,1 пайызга аткарылып, ишеним индекси 28,8 балды түздү же ал 2015-жылга салыштырмалуу 5,8 баллга көптүк кылат. Ал экономиканын өсүү деӊгээли 3,8 пайыз болгонун, өлкөнүн ички дүӊ өнүмү 485 млрд сомго жеткенин кошумчалады. Ал эми өткөн жылы инфляциянын көлөмү 109,4 пайыз болуп, ЕАЭБ мамлекеттеринин арасында Кыргызстан алдыӊкы орунду ээледи.

Ошондой эле, 2016-жылы коррупцияга жосундарына каршы 116 иш-чара пландаштырылып, анын ичиннен 57 иш-чара жүзөгө ашырылганы, 5 иш-чара аткарылбай калганы, башкалары ишке ашырылып жатканы белгилүү болду. «Өткөн жылы 33 мамлекеттик органдар менен мекемелерде коррупцияны жоюу иш-чаралары жүргүзүлдү. 843 коррупция фактысы аныкталып, 196 млн сом казынага кайтарылды. Ал эми Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы тарабынан 2,7 млрд сом көлөмүндөгү экономикалык кылмыштар аныкталып, андан 1 млрд сомдон ашуун каражат өндүрүлдү», - дейт ал.

Андан сырткары, 2016-жылы ушул кезге чейин Өзбекстан пайдаланып келген 24 объект Кыргызстандын карамагына алынды. Ушу тапта коӊшу Казакстан менен Кытайдын чек арадары толугу менен такталган. Азыр Өзбекстан жана Тажикстан менен чек араларды делмитизациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Өзбекстан менен 1379 чакырым чек аранын 1054 чакырымы, Тажикстан менен 970 чакырым чек аранын 519 чакырымы сыпатталып жазылды», - дейт вице-премьер-министр.

Талкуу жүрүшүндө комитет мүчөлөрү өкмөт мүчөлөрүн коопсуздук маселелерине өзгөчө көӊүл бурууга чакырышты. Ал эми депутат Акылбек Жамангулов өлкө аймагындагы стратегиялык объектилерди жеке менчик фирмалардын кайтаруусуна берүү туура эмес экенин, аларды ИИМге өткөрүп берүү зарылдыгын белгилеп, ага «Датка – Кемин» электр чордону жеке менчик фирма кайтарып жатканын мисал тартты. Анын пикиринде жеке ишкер стартегиялык маанилеги ишкананын коопсуздугуна кепилдик бере албайт.

Андан сырткары, депутат Жаныбек Бакчиев Кыргызстан менен Казакстандые чек арасындагы өткөрүү жайларынын ишин жөнгө салуу маселесин көтөрсө, депутат Алмазбек Баатырбеков кыргызстандык жүк ташуучу автомашиналарды Кытай өз аймагына өткөрбөй жатканын айтты. Ал эми депутат Талант Мамытов өлкө аймагында жер көчкүлөр жылдан-жылга көбөйүп бараткандыктан, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин техникаларын жаӊыртуу маселесин козгоду. Вице-премьер-министр бул багытта чаралар көрүлүп жатканын билдирди.

Жыйынтыгында эки тармактык комитет Өкмөттүн 2016-жылдагы аткарган иштери боюнча Премьер-министрдин отчетун «канааттандырарлык» деп тапты.

КР ЖК Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1593

Окшош жаңылыктар