Депутат Кожобек Рыспаев: “Бишкек ТЭЦиндеги радиоактивдүү көмүрдү жагып жоготуу керек, эгер адистер коркунучтуу эмес десе, анда аны пайдалануу зарыл”

18-04-2017 15:05

Жогорку Кеӊештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин кезектеги жыйынында Өкмөттүн 2016-жылдагы аткарган иштери боюнча Премьер-министрдин отчету угулду. Жыйынга вице-премьер-министр Олег Панкратов баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышты.

Вице-премьер-министр Олег Панкратовдун айтымында, Кыргызстандын өсүмдүк өнүмдөрүн ЕАЭБ аймагына киргизүүгө чектөөлөр жок, ишкерлер фитосанитардык тастыктамаларды гана алышы керек. “Тастыктама алгандан кийин өз өнүмдөрүн ЕАЭБдин баардык аймагында сата берүүгө болот. Атайын көзөмөлдүн жоктугу, бирок өнүм сапатына карата жогорулатылган талап ЕАЭБ өзгөчүлүгү болуп саналат. Биз өзүбүз жалпы абалга байкоо жүргүзүп турушубуз керек”, - дейт ал.

Депутаттар Кыргызстанда чакан ГЭСтердин курулушу качан баштала турганына кызыгышты. Вице-премьер-министр жакында электр энергиясынын кайра жаралуу булактары жөнүндө мыйзам кабыл алынгандан улам, чет өлкөлүк инвесторлордун чакан ГЭСтерге кызыгуусу артканын белгиледи. “Алар өз долбоорлорун сунуштай баштады. Улуттук энергохолдингдин да өз долбоорлору бар. Азыр аларды ишке ашыруу мехнаизмдери иликтенүүдө”, - деди ал.

Тармактык комитеттин төрагасы Кожобек Рыспаев Бишкек ТЭЦиндеги радиоактивдүү көмүрдүн тагдырына байланыштуу өз сунушун берди. “Радиоактивдүү көмүр ташылып кеткен да жок, жагылган да жок, ошол бойдон турат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги уруксаат берсе, анда аны сактап отурбай, жагып жоготуу керек, эгер адистер коркунучтуу эмес десе, анда аны пайдалануу зарыл”, - дейт ал.

Олег Панкратов көмүр тергөөнүн далил буюму катары сакталып жатканын, бир чечимге келүү үчүн сот актысы талап кылына турганын, эгер Өкмөт токтом кабыл алса, ташылып кете турганын билдирди.

Жыйынтыгында тармактык комитет тарабынан Өкмөттүн 2016-жылдагы аткарган иштери боюнча Премьер-министрдин отчетун «канааттандырарлык» деп табылды.

КР ЖК Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 335

Окшош жаңылыктар