Депутат Акылбек Жапаров: «Кыргыз-Россия фонду аркылуу ири долбоорлорду ишке ашыруу керек»

18-04-2017 15:50

Жогорку Кеӊештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында Кыргыз-Россия өнүгүү фондунун өлкөнүн айыл-чарба тармагына багытталган ишмердүүлүгү талкууланып, фонддун кеӊешиндеги Өкмөт мүчөлөрүнүн маалыматы угулду.

ЕАЭБ алкагында Кыргызстандын экономикасын колдоо максатында 500 млн АКШ доллары менен ишин баштаган Кыргыз-Россия өнүгүү фонду айыл жергесиндеги агрардык долбоорлорду ишке ашырууга жардам бериши керек деген депутаттар, насыя алуунун шарттарын жеӊилдетү зарылчылыгына токтолушту.

Депутат Акылбек Жапаров көп өлчөмдө өтө зарыл болгон техникалык жабдууларды, азык-түлүк жана башка майда-барат нерселердин баарын тыштан экспорттоону улантуу менен гана чектелбей, аларды тез арада өлкө ичинде өзүбүз чыгаргандай шарттарды түзүү керектигин белгилеп, бул жаатта Өкмөт өкүлдөрүн фонд менен биргелешип иш алпарууга чакыруу менен: "Фонд аркылуу ири долбоорлорду ишке ашырып алышыбыз керек" ,- деди ал.

Кыргыз-Россия өнүгүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Кубанычбек Кулматов билдиргендей, фонд түзүлгөндөн бери 220 миллион доллардан ашуун көлөмдөгү 698 долбоор каржыланган. Учурда фонд Кыргызстандагы 13 банк менен бирге иш алпарууда.

КР ЖК Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 434

Окшош жаңылыктар