Жогорку Кенештин «Республика - Ата Журт» фракциясы Өкмөттүн 2016-жылдагы иши боюнча Премьер-министрдин отчетун «канааттандырарлык» деп тапты

18-04-2017 17:17

«Республика - Ата Журт» парламенттик фракциясынын бүгүн, 18-апрелде өткөн жыйынында Өкмөттүн 2016-жылдагы иши боюнча Премьер-министрдин отчету угулду. Жыйынга Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышты.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн өткөн жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн көрсөткүчтөрүнө, республикалык бюджетти түзүү жана аны аткаруу жүрүмү тууралуу учкай маалымат берди.

Премьер-министрдин айтымында, өткөн жылы өлкөнүн экономикалык өсүшү 3,8 пайызды түзүп, улуттук валюта чыӊдалып, өнөр жай өндүрүшүнүн оӊ өсүү ыргагы байкалды. Ал экспорт 5,1 пайызга өскөнүн, анын ичинде Евробирликтин курамындагы өлкөлөргө экспорттоо көлөмү 2015-жылгы салыштырмалуу 44,3 пайызга же 72,3 млн долларга көбөйгөнүн, мындай абал ВСП+ статусунун шарапаты менен жаралганын белгиледи.

Ошондой эле, ал «Кыргыз-Орус» өнүктүрүү фондунун алкагында жалпы көлөмү 202 млн долларды түзгөн 647 экономикалык долбоор жактырылганын, фермерлер менен кайра иштетүү тармагына 4,8 млрд сомду түзгөн 13 миӊден ашуун жеӊилдетилген насыя каражаты берилгенин айтты.

Талкуу жүрүшүндө депутат Бакытбек Райымкулов өкмөт мүчөлөрүнүн көӊүлүн элет жергесинде таза суу көйгөйүнүн азыркыга чейин чечилбек келатканына бурду. Өкмөт башы 2016-жылы «Таза суу» долбоорун ишке ашыруу багытында 8 объектинин курулушуна 56 млн сом жумшалганын билдирди. «Өлкө аймагындагы 657 айылда таза суу жетишсиз. Биз жаӊыдан иштелип чыккан «Ала-Тоо булагы» программасынын алкагында 2026-жылга чейин баардык калктуу конуштарга таза суу жеткирүү аракеттерин көрө баштадык», - деди ал.

Депутат Кенжебек Бокоев республикалык бюджетти аткаруу маселесине кайрылып, бюджеттен көптөгөн салыктык каражаттар түшүп калып жатканын белгилөө менен, Өкмөттү республикалык бюджетти толтуруу чараларын жакшыртууга өзгөчө көӊүл бурууга чакырды.

Ал эми бир катар фракция мүчөлөрү экономиканы жакшыртуу жаатында ири долбоорлорду ишке ашыруу, инвестиция тартуу ишин колго алуу, бизнес жүргүзүү шарттарын жакшыртуу сындуу маселелер боюнча өз пикирлерин билдирип, бир катар алыгылыктуу сунуштарын берди.

Андан сырткары, депутаттарды Кыргызстандын ЕАЭБ курамында иш алпаруу абалы, анын алкагындагы ветеринария жана фитосанитария көйгөйлөрүнүн чечилиши кызыктырды. Алар аталган маселелер өз деӊгээлинде чечилмейин, ЕАЭБ рыногуна кирүү дагы бир топ кыйынчылыктарга учурай бере турганын айтышты. Өкмөт башы бул багытта жасалып жаткан аракеттерин улантарын билдирди.

Жыйынтыгында «Республика - Ата Журт» парламенттик фракциясы Өкмөттүн 2016-жылдагы аткарган иштери боюнча Премьер-министрдин отчетун «канааттандырарлык» деп тапты.

КР ЖК Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1403

Окшош жаңылыктар