«Өкмөттүк күндө» берилчү суроолорду алдынала жазуу жүзүндө жөнөтүү жол-жобосун алып салуу сунушталды

19-04-2017 12:11

Жогорку Кеӊеште «КР ЖК Регламенти жөнүндө» мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөр каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Депутаттар тобу «өкмөттүк күндө» каралчу маселелер боюнча берилчү суроолорду өкмөткө алдынала жазуу жүзүндө жөнөтүү жол-жобосун алып салуу демилгесин көтөрүүдө. Андан тышкары, мыйзамда «өкмөттүк күндү» ар кварталда бир жолу өткөрүү жол-жобосу да такталууда.

Ал эми Өкмөттүн өкүлү мындай тартипке каршы пикирин билдирди. Анын айтымында, эгерде «өкмөттүк күндө» каралчу маселе боюнча суроолор алдынала жазуу жүзүндө берилсе, өкмөт мүчөлөрү ага жакшы даярданып келип, ынанымдуу жооп кайтарышмак. Бир катар депутаттар дагы ушундай эле пикирде.

Депутат Алмамбет Шыкмаматов эгер мындай өзгөртүү киргизилсе, депутаттар үчүн өздөрүн кызыктырган суроолордун баарын берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлө турганын белгиледи. «Көзөмөл – парламенттин эӊ башкы милдеттеринин бири. Өкмөт мүчөлөрү кандай суроо берилбесин, баарына ар дайым даяр болушу керек. Ошондуктан, суроолорду алдынала жазуу жүзүндө берүү жол-жобосун «өкмөттүк күндөн» алып салып, «өкмөттүк саатка» калтырсак жетиштүү», - дейт ал.

КР ЖК Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 356

Окшош жаңылыктар