Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү сунушталууда

19-04-2017 14:19

Жогорку Кеӊеште Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына которуу демилгеси каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча агенттиктин директору Жумагүл Эгамбердиеванын айтымында, азыркы учурда иш жүзүндө бар, бирок расмий түрдө айыл болуп эсептелбеген калктуу конуштардын саны жүз элүүдөн ашат. Бул калктуу конуштарда жашаган жарандардын көптөгөн көйгөйлөрүн чечүү үчүн аларга мыйзам негизинде айыл макамын берүү зарыл.

«Алардын катарына Баткен облусундагы Максат, Жезкен, Жалал-Абад облусундагы Коткор, Ош облусундагы Ак-Өргөө, Улуу-Тоо сындуу конуштар кирет. Андан сырткары, Лейлек районунун Ак-Суу айыл аймагындагы Жезкен конуштарынын тургундары да жыйын өткөрүп, аларга айыл макамын ыйгаруу тууралуу чечим кабыл алышкан», - дейт Жумагүл Эгамбердиева.

Эгер аталган беш калктуу конушка айыл макамы берилсе, айыл башчылары дайындалып, бир катар жергиликтүү маанидеги социалдык-экономикалык маселелердин чечилишине өбөлгө түзүлмөкчү.

КР ЖК Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1719

Окшош жаңылыктар