Депутат Гүлкан Молдобекова: "Сапаттуу билим алуунун башаты - мектепке чейинки билим берүү мекемелери!"

21-04-2017 18:01

Жогорку Кеӊештин Социалдык маселелер боюнча комитетинин төрайымы Гүлкан Молдобекованын катышуусунда Ысык-Ата районунун Кең-Булуң айылындагы Осмон Лайлиев атындагы  мектептин базасында жаңы бала бакчанын ачылуу аземи болду.

Белгилей кетсек, мугалимдер менен айыл тургундары КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловго  мектептин имаратынын бир танабында бала бакча ачуу өтүнүчү менен кайрылгандыктан, ал колдоого ээ болуп, аны ишке ашырууга каржылык жардам да көрсөтүлгөн. Бала бакча 50 орунга ылайыкталып, анда балда ойноочу, тамактануучу, уктоочу бөлмөлөр жасалгаланып, зарыл шарттардын баары түзүлгөн.

Бала бакчанын ачылуу аземинде депутат Гүлкан Молдобекова балак бакчанын ачылып жатканы айылдыктар өтө жагымдуу окуя болгонун белгиледи. «Бала бакчанын ачылышына катышканым үчүн абдан кубанычтамын. Өзүңөр билесиңер, сапаттуу билим алуунун башаты мектепке чейинки билим берүү мекемелери болуп саналат. Баары бала бакчадан башталат. Ошондуктан, Кең-Булуң  айылынын эли үчүн бул окуянын мааниси чоң. Мамлекетибиз азыр билим берүү тармагын реформалоого, билим берүүнү жаӊы сапаттык деңгээлге көтөрүүгө өзгөчөк көңүл бурууда», - деди ал.

Эл өкүлү ушу тапта өлкө аймагындагы 1524 бала бакчада 188 585 наристе тарбияланып жатканын, дагы бир катар бала бакчалар менен мектептердин курулушу башталганын белгиледи. Гүлкан Молдобекованын пикиринде, ошого карабастан, бала бакчалар дале жетишсиз. «Бул үчүн мамлекет наристелердин тарбиясына да өзгөчө көңүл бурууда. Балдар - биздин келечегибиз. Бул балдар мекемесинен келечекте өз элине кызмат кылчу мыкты улан-кыздар тарбияланып чыгышына тилектешмин», - деп кошумчалады ал.

Ал эми мектептин директору Б.Чекиев мугалимдер менен тарбыячылар жамаатынын атынан айыл тургундарынын демилгесине жакындан колдоо көрсөткөнү үчүн Жогорку Кеӊешке, анын ичинде КСДП фракциясынын депутаттарына ыраазычылык билдирди.

КСДП парламенттик фракциясынын катчылыгы

Көрүүлөрдүн саны : 156

Окшош жаңылыктар