"Республика- Ата Журт" парламенттик фракциясы "КР Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” конституциялык мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өткөрөт

02-05-2017 09:14

"Республика- Ата Журт" парламенттик фракциясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.Бекешев, А.Алтыбаева, М. Жеенчороев, У. Кыдыралиев, Д. Джумабеков, Т.Исакунова, М. Бакиров, Жунус уулу Алтынбек, А. Акматов, А. Шыкмаматов тарабынан демилгеленген (каттоо № 6-22476/16, 26.09.2016-ж.) "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” конституциялык Мыйзам долбоору боюнча парламенттик угууларды өткөрүү тууралуу жарыя кылат.

Парламенттик угууларга жалпыга маалымдоо каражаттарынын, жарандар жана алардын бирикмелеринин өкүлдөрү катышууга чакырылат.

Парламенттик угуулар 2017-жылдын 2-майында Жогорку Кеңештин жыйындар залында болуп өтөт. Башталышы саат 14 00дө.

Көрүүлөрдүн саны : 1649

Окшош жаңылыктар