Депутат Дастан Бекешев: «Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн бөлүнгөн 225 батирдин ичинен 10-15 батир тиешеси жок чоочун адамдарга берилип кеткен»

Жогорку Кеӊештин депутаты Дастан Бекешев бүгүн, 13-июнда кыргыз парламентинин Пресс-борборунда маалымат-жыйын өткөрүп, Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун жетекчилигинин ишиндеги коррупциялык аракеттер тууралуу кеп салды.

Эл өкүлүнүн айтымында, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн бөлүнгөн 225 батирдин ичинен 10-15 батир тиешеси жок чоочун адамдарга берилип кеткен. «Ошондон улам, батирлердин бөлүнүү фактысын ар тараптуу иликтөө максатында, жумушчу топ түзүлдү. Бир ай аралыгында текшерүү жыйынтыгы чыгарылат», - дейт ал.

Депутат Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун мүчөлөрүн Мавлян Аскарбеков сындуу жарандык активисттер менен ар кандай шылуундардын чагымчыл аракеттерин колдобой, жумушчу топтун иликтөө жыйынтыгын күтүүгө чакырды.