Өкмөткө жаратылыш кырсыктарын алдын алуу боюнча иш-чаралар план-программасын иштеп чыгуу, тиешелүү мыйзам долбоорун сунуштоо тапшырылды

04-05-2017 13:25

Жогорку Кеӊештин бүгүн, 4-майда өтүп жаткан кезектеги жыйынында Өкмөттүн өлкө аймагындагы табигый кырсыктардын кесепетин жоюу чаралары, анын ичинде Ош областынын Өзгөн районундагы Аюу-Сай айылында болгон жер көчкүсү боюнча Өкмөттүн маалыматы угулуп жатат. Жыйынга өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин өкүлдөрү катышууда.

Вице-премьер-министр Жеӊиш Разаков быйыл жыл башынан тарта кар көчкү, жер көчкү, сел сындуу табигый кырсыктар кескин күчөгөнүн баса белгиледи. «Мисалы, өткөн 26 жылда 518 жер көчкү катталса, 2017-жылдын 4 айында эле ушундай 134 кырсык болуп, 34 адам каза тапты, 266 млн сом өлчөмүндө зыянга учуратты», - деп, ал 29-апрелде Өзгөн районундагы Аюу айылындагы жер көчкүдөн 11 үй кыйрап, 24 адам каза болгонун, ушу тапта 8 адамдын сөөгү табылганын кошумчалады.

Суроо-жооп маалында депутаттар мажбурлап көчүрүү маселесин көтөрүштү. КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү жер көчкү жүрүшү мүмкүн деген аймактагы жарандарга бир нече жолу эскертүүлөр берилип келгендигин, Өзгөндөгү Аюу-Сай айылы дагы кооптуу аймактардын тизмесине кирерин маалымдады. Депутат Абдывахап Нурбаев кооптуу делген аймактардан көчүрүү маселесинен мурда жер кыртышын бекемдөө үчүн бак-дарак эгүү жагдайына көңүл буруу зарылдыгына токтолду. “Эртеңки күнү мындайкайгылуу окуялар болбошу үчүн өмүр-өлүм ортосундагы маселени жергиликтүү тургундарга так түшүндүрүү керек”,- дейт депутат Бакирдин Субанбеков.

Жыйын жүрүшүндө депутат Төрөбай Зулпукаров кайсы бир тиешелүү бийлик органдарына кооптуу делген аймактардан мажбурлап көчүрүү ыйгарым укугун берүүгө багытталган мыйзам долбоорун тез аранын ичинде киргизүүнү Өкмөттөн талап кылды.

Өзгөчө кырдаал жаралганда жарандар өздөрүн кандай алып жүрүшү керектиги боюнча видео-материалдар даярдалып, берилишин депутат Аида Касымалиева тапшырма катары Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жолдоду.

Депутаттар Улукбек Ормонов, Курманкул Зулушев Жарандык коргонуу жөнүндө мыйзамга ылайык, кооптуу жагдайдан убактылуу жайга көчүрүүгө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин толук укугу бар экенин белгилешти. У.Ормонов Аюу-Сай айылынын тургундарын көчүрүүгө 300 түтүн жайгаша турган тилкенин архитектурасы чийилип жатканын тактап, ага кошумча Ничке-Сай айылынын тургундарын дагы көчүрүүнү чогуу чечүү жагын өтүндү.

Депутат Аида Салянованын суроосуна жооп берип жатып Вице-премьер-министр Жеӊиш Разаков кооптуу делген аймактардан элди көчүрүүдөн башка жол жок экенин билдирди.

Жер көчкү жүргөн айылдарда окумуштуулар бир топ жылдан бери изилдөө жүргүзүп, жер көчөөрү боюнча алдын ала маалыматтарды аныктаган. Мындай маалыматты ортого салган депутат Мирлан Жээнчороев тиешелүү аткаруу бийлигинин өкүлдөрүнүн кайдыгерлигинин кейиштүү окуялар болуп жатканын айтты.

Жарыш сөздө “КР Өкмөтүнүн кырсыктарды алдын алуу боюнча иштери начар” деген депутат Айтмамат Назаров кооптуу аймактардагы ар бир үйдүн жер тилке масесинен тартып, баардык жагдайларына чейин көйгөйлөрүн чечип берүү зарылдыгын ортого салды. Ошону менен катар дамба куруу, дренаж казуу иштерин мамлекеттик деңгээлде колго алуу керектигин кошумчалады. Мындай пикирди улаган депутат Алтынай Өмүрбекова жер тилкесин трансформациялоодон үй салганга чейин комплекстүү план-программаны үстүбүздөгү жылдын 1-июнуна чейин иштеп чыгып алып келүүсүнө тапшырма берүүнү сунуш кылды.

Депутат Каныбек Иманалиев аткаруу бийлигинин астында адамдын өмүрүн, ден соолугун жана укугун коргоо милдети тургандыгын эске салып, жаратылыш кырсыктары болуп кетиши мүмкүн аймактардагы элге “айтканбыз, эскерткенбиз” дегендин ордуна аларды көчүүгө кызыктыруу, ынындыруу боюнча иш алпарышы керектигин баса белгиледи.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 2025

Окшош жаңылыктар