2017-жылдын 4-майында добуш берилген мыйзам долбоорлору

04-05-2017 15:59

Бүгүн, 4-майда Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар мыйзам долбоорлору 1,2,3-окууда кабыл алынды.

КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМДАР:

- “Аскер кызматчыларын пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Исмаилова А.Ж., Асылбаева Г.К., Бакчиев Ж.А., Иманалиев К.К., Никитенко Н.В., Самигуллина А.Э., Строкова Е.Г., Субанбеков Б.Ж., Туманбаева Р.М.);

- “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (Кылмыш-жаза кодексине, Жазык-аткаруу кодексине) (демилгечи – Өкмөт, 11.01.17деги № 16 токтом);

- “Эл аралык өзгөчө жардам жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Баатырбеков А.Б., Самигуллина А.Э., Матраимов И.И., Казакбаев Р.А., Сулейманов Б.И., Сурабалдиева Э.Ж., Жамангулов А.Ж.);

- “Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 20.07.16дагы № 407 токтом);

2-ОКУУДА КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМ ДОЛБООРЛОРУ:

- “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Шадиев А.А., Примов У.Б.);

1-ОКУУДА КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМ ДОЛБООРЛОРУ:

- “Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 28.03.17деги № 182 токтом);

- “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (Жер кодексине, “Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө”, “Күрөө жөнүндө” мыйзамдарга) (демилгечи – депутат Жапаров А.Ү.);

Кабыл алынган токтом:

- “Ветеринардык көзөмөлдөө тутумун реформалоо жана ЕАЭБга кошулуу боюнча милдеттенмелерди аткаруу жөнүндө депутат Э.Ж.Байбакпаевдин кайрылуусу тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1867

Окшош жаңылыктар