Айыл чарба өндүрүшчүлөрүнө камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкасын белгилөөдө социалдык камсыздандыруу принциптери жүзөгө ашырылат

04-05-2017 16:40

Бүгүн, 4-майда Жогорку Кеңештин жыйынында «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору 2-окууда каралды.

Мыйзам долбоору боюнча Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин төрайымы Гүлкан Молдобекова баяндама жасады.

Мыйзам долбоорунун концепциясы айыл чарба өндүрүшчүлөрүнө жана жеке ишкерлик менен алектенген адамдарга камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкасын белгилөөдө социалдык камсыздандыруу принциптерин жүзөгө ашырууга багытталган.

Өткөн жыл үчүн орточо эмгек акынын өлчөмүнө тарифтерди чегерүүнүн колдонуудагы тартибинин ордуна жер салыгынын базалык ставкасына жараша камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин жаңы нормаларын киргизүү ушул мыйзам долбоорунун милдети болуп саналат.

Патент сатып алуу жолу менен салык төлөп жатышкан жеке ишкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жыл сайын этап боюнча жогорулап жаткан пайыздык ставканын ордуна өткөн календардык жыл үчүн орточо эмгек акынын өлчөмүнө 6 пайыз өлчөмүндө белгиленет. Лотоктордон, соода орундарынан товарларды сатуу жолу менен базарларда иш жүргүзгөн жеке ишкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жыл сайын этап боюнча пайыздык ставкаларды жогорулатуунун ордуна, өткөн календардык жыл үчүн орточо эмгек акынын өлчөмүнөн 3 пайыз өлчөмүндө белгиленет.

Жеке ишкердик иш менен алектенген же жер үлүшү бар пенсионерлер камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотулат.

Мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 516

Окшош жаңылыктар