Жамал Сейдакматова: “Ыйманды пропагандалабай туруп, маданиятка жетише албайбыз”

17-05-2017 18:30

Парламенттик радионун 17-майдагы "Күндүн тартибинде" программасында 2017 - жылдын “Ыйман, адеп жана маданият” деп жарыялангандыгына арналган уктуруу болду. Түз эфирге чакырылган меймандар Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын  лауреаты, актриса Жамал Сейдакматова менен “Эрдик-Подвиг” коомдук фондунун жетекчиси Каныбек Мырзаканов.

“Ыйман менен маданият – бири-биринен ажырагыс сөздөр.  Ыйманды пропагандалаган бул – маданият болуп эсептелет.  Тилекке каршы, бүгүн ыймансыздар көбөйдү. Анын себебин  ааламдашуу процессинен көргөндөр бар. Ошентип, бул - чет өлкөлөргө таасирленгендиктин жыйынтыгы окшойт” – деген оюн билдирген Кыргыз Эл артисти Жамал Сейдакматова мамлекеттик тилдин ролуна дагы токтолду.

“Эне тилди кадырлоо жогору жактан берилген буйрук менен толук жашап кете албайт. Андыктан, тилди адегенде үй-бүлөлүк турмушта колдонгондо гана анын таасири артат. Кийинки муундун тарбиясына да тилдин пайдасы тиет. Кыргыз эли кандай бир керемет сөздөрдү колдонуп, кемчилик кеткен учурлар болсо да кишинин бедел-баркына шек келтирбей, кемсинтпей айткан тарбиялык накыл кептерге бай кеменгер калк. Тилибиз менен улутбуз. Ушуну унутпашыбыз керек”,- дейт атактуу актриса.

Уктурууга катышкан “Эрдик-Подвиг” коомдук фондунун жетекчиси Каныбек Мырзаканов: “Көп учурда ыйманды  дин менен байланыштырышат. Ал бир чети туура, бирок  Меккеге бараардын алдында Мекенге эмне кылдым?- деп элдин алдындагы парзды таразалап алуу керек. Себеби, ыйман бул - Мекенди сүйүүдөн башталат” – деди.

Ошондой эле ал адеп жылында баалуу  иштерди  аткарууну моюнга алгандыгын айтты. 2010-жылы негизделген  “Эрдик-Подвиг” коомдук фонду Улуу Ата Мекендик согушта дареги дайынсыз калган жоокерлерди издеп –табууда 1367 жоокердин дарегин аныктап,  издеп  жүргөн туугандарына кабарланган. К.Мырзаканов: “Бизге тынчтык жашоону тартуулаган аталарыбызды сыйлабасак, эрдигин даңтабасак, өзүбүздү ыймандуу деп айта албайбыз” – деген пикирин айтып, - “Ыймандуулук бул өткөндү сыйлап, учурду урматтап, келечекти кадырлоо”,- деди.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 766

Окшош жаңылыктар