Тармактык комитет КМШ аймагында биргелешкен ыкчам-тергөө топторду түзүү тартиби жана алардын иши тууралуу келишимди жактырды

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин аймактарында биргелешкен ыкчам-тергөө топторду түзүүнүн тартиби жана алардын иши тууралуу макулдашууну жактырды.

Ички иштер министрлигинин берген маалыматына караганда, 2015-жылдын 16-октябрында Казакстанда кол коюлган бул келишимде биргелешкен ыкчам топтордун кылмыш иштерин биргелешип иликтөө жана тергөө, маалымат алмашуу, экспертизаларды жүргүзүү, буюм-тайымдарды сактоо сындуу негизги иш-милдеттеринин тартиби камтылган.

КР ЖК Басма сөз кызматы






Окшош жаңылыктар