Мамкурулуш агенттигине бир типтеги мектеп имаратынын долбоорун иштеп чыгуу тапшырмасы берилди

19-06-2017 11:11

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети КР Өкмөтү менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы насыялык келишимди дароо эле үч окууда жактырды.

Өкмөттүн маалыматына караганда, бул каражатка 16 мектеп курулат. Инвестициялык каржынын жалпы көлөмү – 30 млн доллар (2 млрд 10 млн сом), үстөгү – 1 пайыз, төлөө мөөнөтү – 25 жыл.

Комитет мүчөлөрү Мамкурулуш агенттигине каражатты өз багытында жана сарамжалдуу пайдалануу, бир типтеги мектеп имараттарынын долбоорун иштеп чыгуу тапшырмасын берди.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 389

Окшош жаңылыктар