Жогорку Кеӊештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков мекендештерин Орозо айт майрамы менен куттуктады

25-06-2017 10:52

Урматтуу мекендештер!

Ардактуу агайын-туугандар!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин жана жеке өзүмдүн атымдан Орозо айт майрамы менен чын дилимден куттуктайм!

Сабыр менен кеӊ пейилдикке чакырып, адамдар ортосундагы кечиримдүүлүктү даӊазалаган отуз күндүк Орозодо жакшылыктар арбын жасалып, жаман ойлорго бөгөт коюлду. Айрыкча, инсандарда мээримдүүлук, кайрымдуулук сезимдер ойгонуп, бири бирине кол сунуусу бул айдынын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири. Мен улуу Орозо айында араздашкандар жарашып, урушкандар табышаарына бекем ишенем. Бул күндөрү достук мамилелер менен туугандык алакаларды арттыруу ар бир адамга берилген башкы милдет катары каралат. Андыктан, он эки айда бир келчү Орозо айын жалпы мусулман коомчулугу, айрыкча, кыргыз эли да жакшы тилек, аруу үмүттөр менен күтөт. Таӊдан-кечке тамактануудан гана баш тартпастан, ыйык айда ыйманын толтуруп, жан-дүйнөсүн аруулатууга ашыгат. Мына ушундай тазаруу менен Орозо айт майрамы ыйык!

Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Мына ошол улуу Орозо айт майрамы ар бир үйгө ырыскы-кут, өлкөбүзгө биримдик алып келсин! Диндер аралык достук чыӊдалып, улуттар ортосундагы ынтымак бекемделсин! Дүйнөгө тынчтык орноп, Кыргызстаныбызда жакшылыктар арбын болсун! Кечиримдүүлүк менен кеӊ пейилдик жарандарыбызды жаӊы турмушка жетелеп, араздашкандар азайсын! Колунда жоктордун капчыгы кампайып, кампасы данга толсун! Кайрымдуулар көбөйүп, кайгыргандардын кабагы ачылсын! Кудайым ар бирибиздин аруу тилегибизди кабыл кылып, кубанычтарыбызга кубаныч кошсун! Дагы бир жолу майрамыӊыздар кут болсун!

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеӊешинин Төрагасы                                Чыныбай ТУРСУНБЕКОВ      

Көрүүлөрдүн саны : 873

Окшош жаңылыктар