Демократиялык жетишкендиктердеги парламент менен жарандардын өз ара байланышынын ролу жогору

12-07-2017 15:36

Бул тууралуу бүгүн, Ысык-Көл облусунун Булан-Сөгөттү айылында Бириккен улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасы жана Өнүктүрүү жана кызматташтык боюнча Швейцариялык башкармалыктын көмөгү менен  башталган "Жарандардын жигердүү катышуусундагы күчтүү мамлекеттик демократия" аталышындагы семинарда айтылды.

Үч күнгө созула турган аталган иш-чарада өлкөнү туруктуу өнүктүрүүдөгү парламенттин ролу талкууланып, демократиялык багыттагы ишмердүүлүктүн натыйжалары тууралуу сөз болмокчу. Андан тышкары, Жогорку Кеӊеш менен жарандардын жана жарандык коомдордун ортосундагы өз ара байланышты арттыруу маселелери да каралат.

Ал эми иш-чарага Жогорку Кеӊештин депутаттары, парламенттик аппараттын кызматкерлери жана жарандык коомдук өкүлдөрү катышууда. Ошондой эле семинарда Бириккен улуттар уюмунун аталган багыттагы адистери тажрыйбалары менен бөлүшүп, бир катар докладдар окулары белгиленген.

Эске салсак, БУУнун өнүктүрүү программасынын алкагында Швейцариянын каржылык колдоосу менен Кыргызстандагы парламенттик демократияны күчтөндүрүүгө, ишинин натыйжасын жакшыртууга жана чечимдерди кабыл алууда жарандар менен болгон тыгыз байланышты камсыздоого багытталган он жылдык "Жарандардын жигердүү катышуусундагы күчтүү мамлекеттик демократия" долбоорун ишке ашыруу максатталган.

Андан тышкары, мамлекеттик органдардын алдындагы коомдук кеңештердин мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу жаатында да бир катар аракеттер көрүлөрү күтүлүүдө. Ошондой эле, чечимдерди кабыл алууда жарандардык демилгелерди колдоо боюнча атайын фонд түзүү сунушу да каралууда.

КР Жогорку Кеӊешинин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 750

Окшош жаңылыктар