Авто жол, темир жол, туннель, эстакадалык көпүрө куруу үчүн жер тилкесин бөлүүгө мораторий жайылтылбайт

13-09-2017 09:54

Бүгүн, 13-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында «Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө» мыйзамга толуктоо киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору 3-окууда каралды.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери – КР Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Нурбаев, У.Примов, И.Матраимов, М.Эгембердиев, А.Жамангулов.

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Алмазбек Акматовдун айтымында, мыйзам долбоору мамлекеттик маанидеги муктаждыктарга жараша авто жол, темир жол, эстакадалык көпүрө жана туннель куруу үчүн жер тилкелерин мораторийден чыгаруу максатында сунушталган.

Маалыматка ылайык, Ош-Баткен жолун, Бишкек-Ош жолундагы Өзгөн шаарында, Түндүк-түштүк жолу жана башка жрелерде жогорудагыдай муктаждыктар бар.

Мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 421

Окшош жаңылыктар