Депутат Рыскелди Момбеков: «Мамлекеттик тилди өнүктүрүү багытында бөлүнгөн каражаттын кайда жана кантип жумшалганын текшериш керек»

14-09-2017 11:18

Жогорку Кеӊештин кечээки жыйынында «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамдын аткарылышы боюнча маалымат угулду. Мамлекеттик тилди 2015-2020-жылдар аралыгында өнүктүрүү багытында 500 млн сом өлчөмүндө каражат каралса, ушул кезге чейин 142 млн сом бөлүнгөн экен. Бирок, бул каражаттын басымдуу бөлүгү өнүктүрүүгө эмес, өлтүрүүгө жумшалды. Биз ал каражаттын кайда жана кантип жумшалганын текшеришибиз керек. Бул тууралуу депутат Рыскелди Момбеков Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Комиссия менен текшерип, анын жыйынтыгы чыкканча калган акчанын бербей туруш керек. Андан сырткары, өткөн жыйында мектептер менен окуу жайларындагы кыргыз тил сабагы тууралуу маселе да козголду. Ачык айтып коюш керек, Бишкек шаарынын билим берүү башкармалыгынын башчысы кыргыз тилин билбейт. Анан кантип мамлекеттик тил өнүксүн. Биз бул маселени тармактык комитетте карап, анын ордуна башка адамды дайындоону сунуштаганбыз», - дейт депутат

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 26

Окшош жаңылыктар