Жалпыга бирдей аскердик милдет жөнүндө мыйзамга түзөтүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди

14-09-2017 12:39

Бүгүн, 14-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору 2-окууда каралды.

Аталган маселе боюнча Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Аскарбек Шадиев баяндама жасады.

Мыйзам долбоорунун максаты аскерге жана альтернативдүү кызматка чакырууда коррупциялык жагдайларды четтетүүгө байланыштуу комдук мамилелерди жүзөгө ашырууга багытталган. Маалыматка ылайык, аскерге чакырууда “соттуулугу бар”, “сак-саламаттыгы боюнча” деген критерийлер алып салынууда. Ошондой эле Маңзаттарга көзөмөл боюнча мамлекеттик кызматтын жоюлгандыгына байланыштуу түзөтүүлөр киргизилүүдө.

Мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 128

Окшош жаңылыктар