Жогорку Кеңеш Төрагасы Ч.Турсунбеков: "Балдардын жаркын келечегинин башаты - бала бакча"

18-09-2017 10:21

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Ысык-Көл районунун  Кожояр айылындагы 100 орундуу бала бакчанын ачылышына катышты.

Эски мектеп имаратынын оӊдоп-түзөөдөн өткөрүлүп мектепке чейинки билим берүү мекемесине айлантылышын кубаныч менен кабыл алган Төрага Чыныбай Турсунбеков: "Балдардын жаркын келечегинин башаты болгон бул бала бакчанын ачылышы Кожояр айылынын гана эмес, жалпы Ысык-Көл облусунун жетишкендиги. Себеби, татыктуу билим-тарбия алган ар бир наристенин келечеги кеӊ болот. Натыйжада, эл-жеринин керегине жараган уул-кыздар өсүп чыгат", - деди.

Ошондой эле Жогорку Кеңештин Төрагасы мамлекет тарабынан мектеп курагына чейинки балдардын өсүшүнө өзгөчө көӊүл бурулуп жатканын белгилеп: "Билим алууга керектүү жабдуулар менен камсыздагандан тышкары, наристелердин тамак-ашын да сапаттуу кылууга болгон аракеттер тынымсыз көрүлүп келет. Бардык тиешелүү витаминдер кошулган азыктарды жеген балдардын ою да, бою да өсөт деген ишеничтемин", - деп кошумчалады.

Андан тышкары, наристелерге кеӊ келечек каалаган Чыныбай Турсунбеков, бала бакчага Жогорку Кеңештин Төрагасынын резервдик фондунан 100 миӊ сом тапшырды.

Белгилей кетсек, эске имаратты бала бакчага айлантуудагы оӊдоп-түзөө иштерине Ысык-Көл өнүктүрүү фонду 32 миллион сом бөлсө, керектүү эмеректер үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши 1 миллион 500 миӊ сом өлчөмүндө каражат берген.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы   

 

 

 

Көрүүлөрдүн саны : 809

Окшош жаңылыктар