Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков ЖККУ ПА Кеңешинин жыйынына катышты

13-10-2017 15:42

Бүгүн, 13-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Санкт-Петербург шаарында (Россия Федерациясы) уюштурулган Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблея Кеңешинин (ЖККУ ПА) кезектеги жыйынына катышты.

Жыйындын алкагында ЖККУ ПАнын кийинки жылга карата иш планы жана бирикменин каржылык маселелери сыяктуу бир катар темаларда талкуулар болуп, чечимдер кабыл алынды. Андан тышкары, коопсуздукка коркунуч жараткан жагдайларга каршы күрөшүү боюнча чаралар жана уюмдун бул жааттагы жоопкерчилиги тууралуу маалыматтар угулду.

Ошондой эле, күн тартибинде Минск шаарында ушул жылдын июль айында өткөн Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЕККУ ПА) жайкы сессиясына катышкан ЖККУга мүчө мамлекеттердин парламенттик делегациясынын ишинин жыйынтыгы да каралды. Аталган маселе боюнча сөз сүйлөгөн Жогорку Кеңеш Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Беларусь Улуттук жыйынынын Төрагасы Михаил Мясниковду ЕККУ ПАнын 26-жайкы сессиясынын ийгиликтүү өткөрүлгөндүгү үчүн куттуктады.

Минсктеги сессия ЖККУ өлкөлөрүнүн парламенттеринин тарыхындагы маанилүү окуя болгонун баса белгилеген Чыныбай Турсунбеков: “Аталган жыйын ЖККУга мүчө-мамлекеттер жайгашкан алкактагы эл аралык ири иш чара болду”, – деди.

Анын айтымында, аталган кезектеги жыйындын Минск шаарында өтүшү эле ЖККУга мүчө мамлекеттерге карата дүйнөлүк саясаттын жаңы көз карашынан кабар берет. “Минсктин эл аралык дипломатияга жана дүйнөлүк туруктуулукка салым кошуучу  борбор катары таанылышында беларусиялык кесиптештерибиздин жетишкен ийгилиги арбын”,– деди Чыныбай Турсунбеков.

Төрага белгилегендей, Кыргыз Республикасынын делегациясы да аталган сессияга жигердүү катышты. “ЖККУ ПА алкагында биз дайыма бири-бирибизди колдоо менен аймактагы коопсуздукту сактоо аркылуу жаркын келечекке кадам шилтей беребиз”, – деген Чыныбай Турсунбеков, иш-чаранын катышуучуларын 2018-жылдын октябрь айынын башында Бишкек шаарында өтө турган ЕККУ Парламенттик ассамблеясынын кезектеги күзгү жыйынына катышып кетүүгө чакырды.  

 

Жогорку Кеңеш Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 165

Окшош жаңылыктар