Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жогорку Кеӊеш Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүн белгилөө жөнүндө токтом кабыл алды

02-11-2017
12:41

Жогорку Кеӊеш Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүн белгилөө жөнүндө токтом кабыл алды. Ошондой эле, бул токтом аркылуу майрам күндөрүнө байланыштуу мурда кабыл алынган бир катар токтомдор жокко чыгарылууда.

Эске салсак, Жакында КР Президентинин «Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүн белгилөө жөнүндө» Жарлыгы чыгып, анда Жогорку Кеӊешке тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү чарасы сунушталган.

Ушу тапта кыргыз парламентинде ар жылы  7-8-ноябрь күндөрүн Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары белгилөө максатында иштелип чыккан “КР Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору да каралууда.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы