Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Улан Чолпонбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү

13-11-2017 14:34

Бүгүн, 13-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Улан Чолпонбаевди акыркы сапарга узатуу зыянаты өттү. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган парламент депутаттары да катышты.

Маркумдун эл өкүлү катары аткарган иштерин эске салган Төрага: “Улан Сапарбекович кыска өмүрүндө кыйла барандуу иштерди жасап, өлкөнүн өнүгүшүнө багытталган алгылыктуу идеялардын башында турду. Депутат катары эл көйгөйүн көп көтөрүп, өз журту үчүн жан үрөп кызмат кылды. Андыктан, анын кылган эмгеги эч унутулбайт, эл эсинде түбөлүк сактала берет”, – деди. 

Маркумдун сөөгү ордо калаадагы “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду.

Кошумчалай кетсек, бөйрөк оорусуна байланыштуу шаардык бейтапканалардын биринде даарыланып жаткан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин эки жолку чакырылышынын депутаты Улан Чолпонбаев 11-ноябрь күнү кечинде каза болгон.

 

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 354

Окшош жаңылыктар