Депутат З.Рысалиев Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин курамына кирет

21-11-2017 11:04

Бүгүн, 21-ноябрда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин жыйынында Жогорку Кеңештин эки депутатын тармактык комитеттердин курамына киргизүү жөнүндө маселе каралды.

Жыйынтыгында депутат Зарылбек Кылычбекович Рысалиевди Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин курамына киргизүү тууралуу чечим кабыл алынды.

Ошону менен катар депутат Данияр Эрмекович Төлөновду Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеӊештин Регламенти боюнча комитеттин курамынан чыгарып, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин курамына киргизүү тууралуу чечим жактырылды.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 938

Окшош жаңылыктар