Социалдык фонддун 2017-жылдагы бюджетине өзгөртүү киргизүүгө багытталган мыйзам долбоору 2-3-окууда добуш берүүгө жолдонду

29-11-2017 15:45

Бүгүн, 29-ноябрда Жогорку Кеӊеш жыйынында «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2017-жылга бюджети жана 2018-2019-жылдарга божомолу жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору 2-окууда каралды.

Социалдык фонддун 2017-жылга бюджети тууралуу мыйзамга түзөтүүлөр боюнча мыйзам долбоору боюнча Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин төрайымы Гүлкан Молдобекова баяндама жасады.

Маалыматка ылайык, КР Социалдык фондунун 2017-жылга карата такталган бюджети – 48 млрд 145 млн сом же ал бекитилген бюджеттен 2 млрд 207 млн сомго көп түзүлдү. Такталган камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүшү – 28 млрд 435 млн сом же 1 млрд 266 млн 425 миӊ сомго көбүрөөк белгиленди. Жыл башындагы каражаттардын калдыгы 2 млрд 388 млн 133 миӊ сом өлчөмүндө такталды. Республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын такталган көлөмүн кошуп эсептегенде 17 млрд 560 млн 55 мин сомду түзөт же ал 38 млн 83 миӊ сомго көп. 2017-жылы пенсиянын базалык бөлүгүн жогорулатууга мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттарынан 263 млн 800 миӊ сомду убактылуу карызга берүү пландалууда.

Ал эми Соцфонддун чыгымдары 2017-жылга карата 46 млрд 635 млн 761 миӊ сом көлөмүндө такталды, бул бекитилген бюджеттен 700 млн 97 миӊ сомго көптүк кылат.

Ушул жылдын 1-октябрынын тарта пенсиянын базалык бөлүгү 280 сомго, пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 8,2 пайызга жогорулатылды. Пенсиялар орто эсеп менен 516 сомго көбөйдү. Пенсияларды жогорулатууга кошумча 981000 млн сом жумшалат.

Тармактык комитеттин корутундусу менен аталган мыйзам долбоору 2-3-окууларда добуш берүүгө жиберилди.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

 

Көрүүлөрдүн саны : 2182

Окшош жаңылыктар