Жогорку Кеӊештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Баткен облусундагы ички жолдордун абалы менен таанышты

07-07-2016 16:50

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков бүгүн, 7-июлда эки күндүк жумушчу иш сапарынын алкагында, Баткен облусундагы Айгүл-Таш – Согмент – Чарбак – Таян автожолунун азыркы абалы менен жеринде таанышып, жергиликтүү тургундар менен пикир алышты.

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Бакир Жолчиевдин берген маалыматына караганда, аймактагы ички жолдордун абал өтө начар, жергиликтүү бюджеттин каражаты тартыш болгондуктан, жолду күтүү көп кыйынчылыктарды жаратууда. Бир катар айыл аймактарын бириктирип турган Айгүл-Таш – Согмент – Чарбак – Таян автожолунун курулушуна 2013-жылы 30 млн сом каралса, ал толук түшкөн эмес. Ошондон улам, анын 16 чакырымына шыгыл төшөлүп, жолдо 19 бурулуш болгондуктан, калган бөлүгүнө каражат жетпей калган.

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Транспорт жана жолдор министри Замирбек Айдаровго жолду министрликтин карамагына өткөзүп алып, «мамлекеттик капиталдык салымдар» беренесинен кошумча каражат караштырып, жол куруу иштерин кыш мезгилине чейин бүткөрүү чараларын караштыруу, ал эми Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновго сел алган көпүрөлөр менен сел тосмолорун тезинен калыбына келтирип, жергиликтүү тургундардын жолкаттам шартын жакшыртуу чараларын көрүү жаатында бир катар тапшырмаларды берди.

Мамлекеттин бюджетте ири өлчөмдө каржы тартыштыгы бар экенин эске салган спикердин пикиринде, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө, анын ичинде ички жолдордун курулушуна жергиликтүү бюджеттен да каражат тартылууга тийиш. Ал жергиликтүү бийлик жетекчилерин жогору жакты карап отура бербей, өздөрү да аракет кылууга чакырды. Ал акыркы жылдары автожол көзкарандысыздыгына өзгөчө көӊүл бурулуп, ири көлөмдө инвестиция тартылып жатканын кошумчалады.

Андан сырткары, жергиликтүү тургундар менен жолугушуу учурунда Газ айылындагы орто мектептин мугалими окуучусу Тынчтык уулу Закир жакында эле химия сабагы боюнча өткөн республикалык олимпиадада экинчи орунда жеӊип алганын, элет жергесинде ага окшогон келечеги кеӊ балдар билим жатканын билдирди. Төрага Чыныбай Турсунбеков окуучуну жеӊиши менен куттуктап, анын сүйүнчүсүнө мугалими аркылуу 30 миӊ сом берип жиберди.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊештин Төрагасы Чыныбай Турсунбековдун Баткен жана Ош облустарындагы эки күндүк иш сапарында депутаттар Карамат Орозова (КСДП фракциясы), Искендер Матраимов (КСДП), Таабалды Тиллаев (РАЖ), өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик жетекчилери коштоп жүрөт.

 

КР ЖК Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 3874

Окшош жаңылыктар