Депутат Өмүрбек Текебаев: “Кооптонууга негиз жок, эски үйлөр сатылса, жаңы үйлөр салынат!”

07-07-2016 17:47

Жогорку Кеӊештин «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев бүгүн, 7-июлда Бишкек шаарынын активисттери менен жолугушуп, ордо калааны көрктөндүрүү жана аны андан ары өнүктүрүү жаатында пикир алышты.

Кереге кеңеште депутат тарабынан демилгеленген Бишкек шаарынын тарыхый борборлорун (көчөлөрүн) өнүктүрүү жана калыбына келтирүү боюнча мыйзам долбоору талкууга алынды. Депутат Өмүрбек Текебаев мындай долбоор борбор калаанын көркүнө келтирүүгө, имараттарды жаңыртууга багыталганын белгиледи. «Анын эч зыяны деле тийбейт, андан көрө биз дагы өнүккөн өлкөлөрдүн катарын толукташыбыз керек. Ал үчүн биздин шаар бийикти көздөй өсүп, көп кабаттуу турак жайлар курулуп, эски үйлөрдүн ордуна жаңы мекемелерди куруу – азыркы заман талабы», - дейт ал.

Бишкек мэриясынын өкүлдөрү айрым шаар тургундары эскилиги жеткен турак жайларын сатпай же кымбат айтып жатканын кошумчалашты.Эл өкүлү Улуттук филормония сыяктуу мекемелердин одуна дагы башка нерселер курулат деген чындыкка дал келбей турганын кошумчалады. Башкы планга ылайык, мамлекеттик обьекттер бузулбайт.

Депутат, бул мыйзам коомдук талкууга коюлганда, эл менен жолугуп, алардын дагы пикирин угарын билдирди. “Жарандардын кооптонуусуна анчалык деле негиз жок, алардын эски үйлөрү сатылса, жаңы үйлөр салынат. Кааласа сатып же болбосо жаңы тургузулган үйдөн турак жай алууга болот”, - дейт ал.

 

КР ЖК Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 665

Окшош жаңылыктар