Жогорку Кеӊештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Баткен облусундагы социалдык мекемелердин абалы менен таанышты

07-07-2016 18:19

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков бүгүн, 7-июлда эки күндүк жумушчу иш сапарынын алкагында, Баткен облусундагы Кадамжай аймактык ооруканасынын жамаатына жолугуп, оорукананын жаӊы имаратынын курулушу менен таанышты.

Үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчиси О.Темиров Кадамжай аймактык ооруканасынын имараты 1958-жылы курулганын, 2011-жылдагы жер титирөөдө катуу жабыркагандыктан, мамлекеттик комиссия тарабынан «авариялык абалда» деген бүтүм чыгарылган. Президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен, республикалык бюджеттин эсебинен оорукананын жаӊы имаратын куруу чечими кабыл алынган. Тилекке каршы, каржы тартыштыгынан улам, 1-блогу бүтүп, ал эми экинчи блогунун курулушу токтоп турат. Ал үчүн кошумча 88 млн сом зарыл.

Көптөгөн кыйынчылыктарга карабастан, Кадамжай аймактык ооруканасы бүтүндөй район калкына медициналык кызмат көрсөтүү менен, ооруларды стационардуу түрдө тейлеп келатканы белгилүү болду. Ошондой эле, дарыгерлер эскирген жабдууларын өкмөттүн, эл аралык кайрымдуулук уюмдарынын, жергиликтүү бийлик менен демөөрчүлөрдүн жардамы менен заманбап жабдууларга алмаштырып, медициналык тейлөө сапатын көтөрүү аракеттери көрүлүп жатканы белгилүү болду.

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Өкмөт менен бирге кошумча каражат таап, оорукананын жаӊы имаратынын курулушун аягына чыгаруу чаралары көрүлө турганын айтты. Ошону менен бирге, калкка сапаттуу медициналык кызматын көрсөтүп келаткан дарыгерлерге ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊештин Төрагасы Чыныбай Турсунбековдун Баткен жана Ош облустарындагы эки күндүк иш сапарында депутаттар Карамат Орозова (КСДП фракциясы), Искендер Матраимов (КСДП), Таабалды Тиллаев (РАЖ), өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик жетекчилери коштоп жүрөт.

 

КР ЖК Басма сөз кызматы

 

Көрүүлөрдүн саны : 3733

Окшош жаңылыктар