Жогорку Кеӊештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков бүгүн, 8-июль күнү Ош облусуна жасаган жумушчу иш сапарынын алкагында, Ош мамлекеттик технологиялык университетинин окутуучулар жамааты жана студенттери менен жолугушту.
Төрага Чыныбай Турсунбеков ушу тапта өлкөнүн билим берүү тармагында кайра курумдар жүргүзүлүп, билим берүү сапатын жогорулатуу, билим берүү программаларын өзгөртүү чаралары көрүлүп жатканын, ага жараша жогорку окуу жайларынын баары өз усулдарын өзгөртүп, азыркы заман талабы менен теӊ кадам таштоо аракетин жасоого тийиш экенин эске салды.
Спикер республикалык бюджеттин оодук бөлүгү социалдык багытта, анын ичинде билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелерине жумшалып жатканын белгиледи. «Азыр билим берүү тармагына ири өлчөмдөгү насыялык жана гранттык каражаттар да тартылууда. Ал сарамжалдуу жана өз багытында гана жумшалууга тийиш», - деди Төрага. Ал билимдүү муунду тарбыялоо өлкөнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналарын, келечек билимдүү жаштарга таандык экенин кошумчалады.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊештин Төрагасы Чыныбай Турсунбековдун Баткен жана Ош облустарындагы эки күндүк иш сапарында Жогорку Кеӊештин депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик жетекчилери менен шаардык кеӊештин депутаттары коштоп жүрөт.
КР ЖК Басма сөз кызматы