Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

КР ЖК Төрагасы Чыныбай Турсунбеков: «Элет жергесинде чакан ишканаларды көбөйтүү биз үчүн өтө маанилүү»

08-07-2016
14:37

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков бүгүн, 8-июлда Ош облусундагы жумушчу иш сапарынын алкагында, Кара-Суу районунун Жаӊы-Арык айыл аймагында жайгашкан жасалга таш такталарын кесүүчү «Кыргыз-Травертин» ишканасынын иши менен таанышты.

Жолугушуу жүрүшүндө курулушуна 110 млн сом жумшалган бул ишкана 2015-жылы ишке киргизилип, 21 жумушчу орду түзүлгөнү, алар курулуш жасалгаларына колдонулуучу травертин такталарын дайрдай турганы белгилүү болду. «Биз азыр суткасына 450 чарчы метр такта даярдайбыз. Жумушчулардын маянасы – 8-15 миӊ сом. Жылына 15 млн сомдук курулуш материалын өндүрсөк, бюджетке 560 миӊ сомдон ашуун салык төлөнөт», - ишкана жетекчиси Мутали Акаев.

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков чакан жана орто бизнес өлкө экономикасынын өзөгүн түзө турганын, ошондуктан андай ишканаларды арбын ачып, ишкерлерди колдоо керектигин, «Кыргыз-Травертин» сындуу ишканалар жергиликтүү бюджет үчүн да чоӊ таяныч болорун айтып, алардын ишинде ийгиликтерди каалады. «Элет жергесинде мындай чакан ишканаларды көбөйтүп, колдон келсе, өнүмдөрдүн басымдуу бөлүгүн экспортко чыгаруу аракетин жасоо керек», - дейт ал,

Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊештин Төрагасы Чыныбай Турсунбековдун Баткен жана Ош облустарындагы эки күндүк иш сапарында Жогорку Кеӊештин депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик жетекчилери менен шаардык кеӊештин депутаттары коштоп жүрөт.

 

КР ЖК Басма сөз кызматы