Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

КР ЖК Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Кара-Суу районундагы мектептердин курулушу менен таанышты

08-07-2016
15:10

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Ош облусундагы жумушчу иш сапарынын алкагында, Кара-Суу районунун Жоош айыл аймагына караштуу Большевик айылындагы спорт клубу, Маданият жана Гайрат айылдарындагы мектептердин курулушу менен таанышты.

Жолугушуу жүрүшүндө Төрага Чыныбай Турсунбеков айыл өкмөт башчыларынын көӊүлүн элет жергесинде дал ушундай чакан спорттун клубдар менен аянчараларды куруу зарылчылыгына бурду. Ал кыргыз парламентинин депутаттары да куруучуларга өлкө аймагында жаӊыдан курула турган мектептерде да спорт залдар менен спорт аянтчаларын кошо долбоорлоо талабын коюп жатканын белгиледи.

«Биз мектептерде тереӊ билим, татыктуу таалим-тарбыя берүү менен бирге эле, ден-соолугу чыӊ, дене-бой жагынан жетилген балдардын өсүп чыгышына колдон келишинче жагымдуу шарттарды түзүп беришибиз керек. Азыркы заман талабы да ушундай», - дейт Чыныбай Турсунбеков.

Төрага Чыныбай Турсунбеков окуу имараты авариялык абалда турган Маданият орто мектебинен өз фондунан 50 миӊ сом өлкөмүндө материалдык жардам көрсөтүп, анын китепканасына кыргыз жазуучуларынын китептерин тартуулады.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊештин Төрагасы Чыныбай Турсунбековдун Баткен жана Ош облустарындагы эки күндүк иш сапарында Жогорку Кеӊештин депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик жетекчилери менен шаардык кеӊештин депутаттары коштоп жүрөт.

 

КР ЖК Басма сөз кызматы