Эки күндүк жумушчу иш сапары менен жүргөн Жогорку Кеӊештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков бүгүн, 8-июлда депутаттар тобу менен бирге Ош облусунун активи жана коомчулук өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүп, аймактын экономикасын өнүктүрүү, калк турмушун жакшыртуу, аймактагы көйгөйлүү маселелерди чечүү жаатында пикир алышты.
Жогорку Кеӊештин иши тууралуу учкай маалымат берген Чыныбай Турсунбеков депутаттар Ош облусундагы абалдан, анда жашаган калктын күндөлүк турмушунан такай кабардар болуп, аймакта орун алган көйгөйлүү маселелер байма-бай көтөрүлүү менен, аларды чечүү жолдору талкууланып келатканын билдирди. Ал Өкмөткө, мамлекеттик органдар менен мекемелерге, жергиликтүү бийлик жетекчилерине көптөгөн көйгөйлөрдү чечүү жаатында тиешелүү тапшырмалар берилип, алардын аткарылышы көзөмөлгө алынганын кошумчалады.
Спикер айрыкча акыркы мезгилде жер титирөө, жер көчкү, кар көчкү, таш көчкү, сел жүрүү сындуу табигый кырсыктар көп болуп жатканын, калктын аялуу катмарынын арасында көптөн бери чечилбей келаткан көйгөйлөр бар экенин, эл өкүлдөрү да ага жалпы коомчулуктун көӊүлүн буруп жатканын белгиледи. «Жогорку Кеӊеш аткаруу бийлиги менен биргелешип иш алпарып, ыкчам жана иштиктүү чараларды көрүү аракеттери көрүлүүдө», - деди Чыныбай Турсунбеков.
Андан сырткары, Төрага жакында эле Коргоо кеӊешинин жыйыны өтүп, укук коргоо органдарын иш натыйжалуулугун арттыруу, коррупциялык жосундарды жоюу максатында, иштиктүү кайра курумдарды жүргүзүү чечими кабыл алынганын билдирди. «Акыркы мезгилде укук коргоо органдарынын мыйзамсыз иш-аракеттери, ишкерлер менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүргүзүлгөн башаламан текшерүүлөр боюнча көптөгөн кайрылуулар түшүүдө. Мына ушундай жагымыз жагдайга чек коюуну чечтик. Буюрса, сиздердин ишенимиӊиздерге таянуу менен, аны жүзөгө ашырууга саясий эрк жетет», - деп кошучалады ал.
Жолугушуу жүрүшүндө коомчулук өкүлдөрү тарабынан ички жана тышкы миграция маселелерин жөнгө салуу, курулушу башталып калган социалдык объектилерди аягына чыгаруу, табигый кырсыктардын кесепетин жоюу, дыйкандарды жеӊилдетилген насыя менен камсыз кылуу, калктын аялуу катмарына камкордук көрүүнү жакшыртуу, пенсия менен жөлөкпулдардын өлчөмүн көбөйтүү сындуу бир катар талылуу маселер көтөрүлдү.
Иш-чара соӊунда Төрага иш-чаралар катышуучуларынын суроолоруна жооп берип, алар көтөргөн маселелердин көпчүлүк бөлүгү боюнча чаралар көрүлүп жатканын, ал эми айрым маселелерди чечүү жаатында мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилерине тапшырма бериле турганын кошумчалады.
Жогорку Кеӊештин Төрагасы Чыныбай Турсунбековдун Баткен жана Ош облустарындагы эки күндүк иш сапарында Жогорку Кеӊештин депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик жетекчилери менен жергиликтүү кеӊештердин депутаттары коштоп жүрөт.
КР ЖК Басма сөз кызматы