Депутат Экмат Байбакпаев: "Таза аба - улут саламаттыгы!"

10-01-2018 16:58

Экологиянын тазалыгын сактоодо жашыл экономиканын ролу зор. Бул багытта ой бөлүшкөн депутат Экмат Байпакбаев бүгүн, 10-январда “Парламент” радиосунун түз эфиринде болуп, бир топ маанилүү сунуштары менен бөлүштү. Эл өкүлүнүн айтымында, абанын тазалыгын сактоодо электр энергиясы менен жүрө турган унаалардын санын көбөйтүү керек. Зарыл болсо, транспорттун ошол түрлөрүн алып келүүдө салыктык жактан жеңилдиктер каралууга тийиш.                              

Газ менен жүрө турган коомдук транспорт түрлөрүн коодонуу да абанын тазалыгын камсыздоодо чоң пайдасын тийгизмек. Бул тууралуу пикирин билдирген депутаттын айтымында шаарыбыз ушундай автобустардын кеминде 780 даанасына муктаж.   

“ЖЭБден чыккан түүтүндүн зыяндуулугун азайтуу иштери үзгүлтүксүз жүрүп турат. Алдыда дагы конкурс жарыяланып, уулуу заттардын бөлүнүп чыгуусун азайтуу жолдорун нукка салган он-лайн режиминде иштөөчү жаңы кадамдарга барганы турабыз”,- дейт “Улуттук Энгергохолдинг” ААКнын төрагасынын биринчи орун басары Нурлан Садыков да “Парламент” радиосунун түз эфиринде болуп.

Жашыл экономика, жашыл технология багытында аткарылып жаткан иштердин натыйжаларына токтолгон КР Өкмөтүнө караштуу Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Арсен Рыспеков да радиоуктурууга катышты. Анын билдиришинче, Бишкек шаарындагы айрым от жагуучу ири жайлар акырындап күн коллектору менен иштөөгө өтүүдө. “Мисалы, Бишкек шаарынын Гагарин көчөсүндөгү жылуулук таркатуучу борборго былтыр 354 күн коллектору орнотулган. Ага кеткен 10 млн. сомдук каражатты Жаратылышты коргоо фонду каржылады. Анын пайдасы сезиле баштады. Атмосфералык абага тарай турган булганыч заттар 1200 кг азайды”, - дейт Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин өкүлү.       

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы                      

 

                             

Көрүүлөрдүн саны : 217

Окшош жаңылыктар